“Mercedes” алты миңден ашык унаасын артка кайтарат

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 13:34

"Mercedes" Россиядагы 6,6 миңден ашык автоунаасын артка кайтарат. Себеби, көйгөй унаалардагы коопсуздук жаздыгында, таграак айтканда, электростатикалык соккудан улам иштеп кетүүсү мүмкүн. Бул тууралуу “Росстандарт” сайты кабарлайт.

Ага 2012 жана 2014-жылкы А-/В-/С-/CLA-/GLA-/GLC-классындагы унаалар кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!