“Byton”-“Tesla”нын Кытайдагы атаандашы

2-Фев. 2018, Жума, 10:21

Жыл сайын Эл аралык керектөөчүлүк электроникаларынын көргөзмөсүндө унаалардын стенддеринин саны артып келет. Бул унаалар жүргүнчү жана товар ташуу үчүн гана эмес, чыныгы гаджеттерге айланып бара жатат. Бул көргөзмөнүн жарык жылдызы Кытайдын электр күчү менен жүргөн кроссовери – “Byton” долбоору болду.

“Byton” — бул “BMW” компаниясынын мурунку кызматкерлери тарабынан негизделген. Баардык даярдык жумуштары Мюнхенде жүргүзүлгөнү менен, өндүрүш иштери Кытай өлкөсүнө жүктөлгөн. Унаан 2019-жылдан тартып чыгара башташат. Кроссовердин өзү арткы жели менен, жалпы кубаты 272 л/с электр кыймылдаткычы менен жана 400 чакырым кошумча жүргөн батарея менен жабдыкталган. Көбүрөөк акча төлөгөндөр кубаты 476 л/с кыймылдаткычы менен жабдыктап жана кошумча ылдамдыгын 520 чакырымга артыра алышат. “Byton”дун ар бир кубаттоочу каражаты тез кубаттоого ээ болот. Ал 35 мүнөттө унааны 80 пайызга чейин кубаттап берет.

Унаанын эң негизги өзгөчөлүгү анын ички жабдыгында. Айдоочунун адаттагы башкаруу элементтери болбойт, ал унааны мурункудай айдай албайт. Анын ордуна салондун бүтүндөй туурасын ээлеген, чоңдугу 40 дюймдук экран болот. Рулдун ордун «алынып-салынуучу» планшет орнотулган. Бирок, бул элемент тууралуу так чечим кабыл алынган жок. Бирок чоң дисплейге ээ болору анык. Кроссоверди башкаруу үчүн “BytonLife” системасы колдонулат. Ал айдоочунун бардык орнотууларын жүктөп жана “булутка” сактап кой алат. Ошентип, ар бир айдоочу орнотууларды ар кандай унааларга колдоно алышы мүмкүн. Мындан тышкары, унаанын ичинде панорамалык чатыр, виртуалдуу күзгү, адамдын жүзүн тааныган камера менен өзгөрүлүп турчу салон кураштырылат.


Крассовердин негизги нускасы 45 000 доллар турат. Биринчи сатып алууучу үчүнчү муундагы даяр автопилотуна ээ болот. 2021-жылы компания төртүнчү муундагы автопилот менен жаңыртылган үлгүсүн чыгарат.


Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!