Муздан куралган Гелендваген

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 09:36

“Mercedes G-Class”тын муздан куралган үлгүсү сунушталды.

Белгилүү "Гараж 54"түн ойлоп табуучулары өздөрүнүн дагы бир автопроектисин тартуулашты. Бул жолу – "Мерседес Гелендваген" унаасынын өзгөчө көчүрмөсү болду. Негиз катарында алар УАЗдын шассиси менен кыймылдаткычын колдонушуп, 5 тонна муздан унаанын сыртын жасап чыгышты.

Муз блокторун абайлап кесип чыгышып, тегиздешип, алдын ала даярдалган металдан жасалган рамага коюшкан. Машинаны жаркырап көрүнүүсү үчун, аны жарык менен жабдыкташты. Жыйынтыгында толук кандуу жургөн унаа келип чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!