“Volvo” электр жүк унааларын сатууну баштайт

6-Фев. 2018, Шейшемби, 09:45

Шведдик автоунаа чыгаруучу “Volvo” компаниясы ушул жылдын аягына чейин электр жүк ташуучу унааларын чыгарып, 2019-жылы сатууну баштайт. Бул тууралуу “Electrek” маалымдады.

“Volvo” электромобилдүү унааларды өндүрүүгө толугу менен көчүүнү пландап жатат. Ошентсе да, компания электрлүү машиналарды сатыкка чыгаруудан мурун алдын ала кардарлардын каалоосун канааттандыруу үчүн, үлкөн ставкаларды жарыялайт. Ушундай ыкма базар буга даярбы же канчалыкты суроо-талапка ээ экенин көрсөтөт.

Компания 2018-жылдын аягына чейин, тагыраак айтканда 2019-жылы электр автобустар менен гибриддик жүк ташуучу унааларды базарга чыгарат. Белгилей кетсек, “Volvo” автокомпаниясы мындай машиналарды чыгаруу кыйын эместигин жана бир жыл аралыгында жасап чыгарууга толук мүмкүн экенин билдирди.

Эң биринчи жасап чыгаруучу жүк ташуучу унаалар шаар жергесине ылайыкталып жасалган. Ошондуктан, алардын жүк ташуусу 4-5 тоннадан ашпайт. Ал эми келечекте “Volvo” ири жүк унааларын чыгарууну көздөйт.

Электр автомобилдери базарга эч кандай кыйынчылыксыз чыгаруу үчүн, “Volvo” май куючу жайлар менен, энергетикалык компаниялар жана бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланыш түзүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!