Бульдозер менен кымбат унааларды жанчышты

8-Фев. 2018, Бейшемби, 13:04

Филиппиндин бийлиги 2017-жылы жергиликтүү бажы тарабынан конфискацияланган ондогон кымбат унааны жок кылды. Бул тууралуу “Reuters” маалымат булагы билдирди.

Ушундайча, бул өлкөнүн президенти Родриго Дутерте кылмышка жана коррупцияга деген көз карашын билдирди.

Бульдозердин жардамы менен темир калдыгына айланган унаалардын арасында “Lexus”, “BMW”, “Mercedes-Benz”, “Audi”, “Jaguar” жана “Chevrolet Corvette Stingray” сыяктуу машиналар болгон. Кыйраган унаалардын жалпы баасы 1,2 миллион долларды түзгөн. Дутертанын тапшырмасы менен бул унаалар металл сатып алуучуларына өткөрүлүп берилген.

“Пара берүү аркылуу салык төлөөдөн качкандар үчүн биз бир нерсени айткыбыз келет – колуңардан эч нерсе келбейт”, - деди Финансы министри Карлос Домингес.

Өткөн жылы Филиппиндин бажы кызматы тарабынан үч миллиард долларлык мыйзамсыз алып келинген унаалар кармап алынган.

Ушул жылдын январь айынын аягында Австралия полициясы уюштурган рейдде бир нече мыйзамсыз көчө жарыштарына катышкан машиналарды кармашып, алар жок кылынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!