“Tesla Roadster” расмий түрдө космос кемеси болду

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 09:28

Илон Масктын “SpaceX” компаниясы бир нече күн мурда учурган “Tesla Roadster” автомобили “NASA HORIZONS” маалыматтар базасына космос кемеси иретинде тиркелди. Бул тууралуу “Лента.ру” сайты билдирет.

“HORIZONS Тesla Roadster” космос кемеси тууралуу толугураак маалымат берүүгө тырышты.

«Кеме деп айтканыбыз—ичине скафандр кийген манекен отургузулган “Tesla Roadster” автомобили. Ошондой эле, ичине “Hot Wheels” компаниясы сунуштаган оюнчук родстер да бар», — делинет маалыматта.

Унаада маалыматты жаза турчу түзүм бар. Мунун менен катар, ичинде Айзек Азимовтун «Основание» аттуу китебинин электрондук нускасы орнотулган. Автомобильге “SpaceX” компаниясынын 6 кызматкердин ысымы жазылган такта кыстырылган. Космос кемесинин жалпы салмагы -1250 кг.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!