“Porsche” 70 жылдык юбилейин белгилөөдө

15-Фев. 2018, Бейшемби, 15:46

“Porsche” немистердин эң белгилүү спорттук автоуна өндүрүшү өзүнүн 70 жылдык мааракесин белгиледи.

АКШнын Лос-Анжелес шаарында болгон Питересен автоунаа музейи немис брендинин унааларынын көргөзмө жайына айланды.

Убакытка карабастан, бул керемет унааларга болгон суроо-талап ушул күнгө чейин күчүндө. Музей директору Терри Каргез Голливуд дүйнөсү “Porsche”нин таанылуусуна таасир берди деп буларды кошумчалады:

«Чындыгында "Porsche” Голливуддун аркасында белгилүү брендге айланды. Ал мурда көп таанымал боло электе Голливуд жылдыздары “Porsche”ге көбүрөөк кызыгуучулук таанытышты”

Бренддин 70 жылдык маараке тоюна карата быйыл дүйнөдө көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүүсү каралууда. Ал эми март айында Берлинде өтүүчү иш-чарага “Porsche” күйөрмандары чоң үмүт артууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!