Блогер кереметтүү “Ferrari” коллекциясын көрсөттү (видео)

20-Фев. 2018, Шейшемби, 11:57

Видеонун автору Люк Папворт жеке коллекционердин гаражына кирип тартып алган. Бул гаражда жалаң гана Италиянын суперкарлары жыйналган.

Блогер Люк Папворт өзүнүн “YouTube” тагы "Нampshirephoto” каналында Швейцариялык бир жеке коллекционердин суперкарлардан турган укмуштуудай коллекциясын тартып алып көрсөттү.

Коллекцияда “Ferrari F40 жана F50”, ошондой эле “Enzo жана LaFerrari” моделдерин көрүүгө болот. Мындан сырткары, “12 жана Challenge Stradale” унаасы да бар.

Спорттук автоунаалардын ээси - Swizzcars аттуу “Instagram” колдонуучусу. Кээ бир унаалар сейрек кездешет жана уникалдуу болуп саналат. Керек болсо бул коллекцияга “Ferrari” маркасынын чыныгы күйөрманы да кызганат чыгаар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!