Жаңы “Ford Focus” кандай болот?

21-Фев. 2018, Шаршемби, 13:55

Социалдык желеде “Ford Focus” унаасынын жаңы нускасы тартылган сүрөт пайда болду. Аны Венгриянын “Vezess” маалымат булагы жарыялады.

Сүрөттө унаанын арткы бөлүгү чоң өзгөрушкө учураганы байкалат. Унаа концепсиясынын авторлору жарык шамдарынын формасын өзгөрткөн. Ал эми алдыңкы фаралары мурунку абалында калган.

«Фокустун» жаңы муун модулдук платформада кураштырылган. Бул унаанын салмагын 50 киллограммга азайтууга мүмкүндүк берет.

Жаңы автону тааныштыруу салтанаты ушул жылдын апрель айында өтөт. Европа базарында бул машина күз айында пайда болот. Ал эми АКШда жаңы “Ford Focus”ту сатыкка чыгаруу 2019-жылга пландалган.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!