2025-жылы толугу менен электр унаалары болот

27-Фев. 2018, Шейшемби, 16:22

2025-жылдан баштап жалаң гана электр кубаты жана суутек менен жүргөн унаалар болот. Бул тууралуу “ecoteco.ru” маалымат булагы кабарлады.

Бул 2025-жылдан баштап бийлик бензин жана дизель менен жүргөн автомобилдерди сатууга тыюу салуусу менен байланыштуу.

Бийлик таза коомдук унааны иштеп чыгууга жетиштүү каражат бөлүүгө даяр. Велосипед жолдорун куруу үчүн дагы каражат жумшалат. Бул долбоорлорду ишке ашырууга болжол менен 1 млрд евро каралган.

Мындан сырткары, 2030-жылга чейин бийлик органдары унаалардын чыккан газдардын санын эки эсе азайтууну пландап жатат. Ошондой эле алар бензинге же болбосо дизелдик от менен жүргөн ар бир унааны тиркөөгө тыюу салышат. Ошондой эле, электромобилдер үчүн бекер унаа токтотучу жайлар курулат. Бийликтин айтуусу боюнча, азыркы күндө Норвегияда ар бир бешинчи унаа электр энергиясы менен иштейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!