Эң кирешелүү унаа компаниялар аныкталды

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:26

2017-жылдын эң кирешелүү автоунаа компаниялары аныкталды. Ошону менен катар башкы орунга Германия өлкөсүнө тиешелүү “Volkswagen Group” компаниясы ээ болду. Концерн бир жылдын ичинде 10,4 миллион автоунаа чыгарып, сатып жетишкен экен.

Экинчи орун япондук “Toyota Motor” компаниясына таандык болуп чыкты. Алар 2017-жылы 10,2 миллион унаа сатышкан.

Үчүнчү орунга коло медалынын ээси болуп франко-япондук “Renault-Nissan” компаниясы жайгашты. Компания бир жыл ичинде 10 милиион унаа саткан.

Ал эми мыкты бешилтиктин катарына “Hyundai-Kia” жана “General Motors” компаниялары кирген. Алар 7,2 жана 6,8 миллион унааларын сатып жетишишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!