Европада мыкты унаа деп “Volvo XC40” аталды

6-Март 2018, Шейшемби, 16:38

Кечээ жакында Женевадагы Эл аралык автосалондун ачылышында "Car of the Year 2018” конкурсунун калыстар тобу Европанын мыкты унаасын аныкташты. Калыстар тобунун мүчөлүгүнө жыл сайын 23 Европанын өлкөлөрүнүн 60тан ашык автомобиль жаатында жазган журналисттери кирет. Ар бир калыстар тобу 25 баллдан упай берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.

Бул жылдын жеңүүчүсү деп шведдик кроссовер “Volvo XC40” аталды. Ал унаа официалдуу түрдө 2017-жылдын сентябрь айында сунушталган. Белгилей кетсек, “Volvo” бренди биринчи жолу “Car of the Year” конкурсунда жеңишке жетти. Бул конкурс 1964-жылдан тартып өткөрүлүп келүүдө.

Эң кичинекей шведдик өндүрүүчүлөрдүн кроссовери 325 упай топтогон. Ал эми экинчи орунду "Seat Ibiza” унаасы алып, 242 балл жыйнаган. “BMW 5-Series” унаасы үчүнчү орунга ээ болуп, 226 балл алган.

Эскерте кетсек, былтыр “Peugeot 3008” унаасы жеңишке жетип 319 балл топтогон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!