“Mini” электр унаалары чыгарылат

7-Март 2018, Шаршемби, 10:51

Кытайдын “Great Wall Motor” жана немистердин “BMW” компаниясы Кытайдагы “Mini” электр унааларын биргеликте чыгаруу боюнча келишимге кол коюшту.

Унаа чыгаруучулар жаңы энергия булагы үчүн дүйнөдөгү эң ири автоунаа баасы болуп саналган Кытайдагы биргелешкен унаа өндурүү мүмкүндүгүн ачуу тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу “The Great Wall” маалымдады. Компанияларга жаңы заводдун орун алышы, анын курулушуна кеткен инвестициянын көлөмү сыяктуу маселелер каралат.

Жаңы долбоор “Great Wall” менен “BMW” компаниясына экологиялык коопсуз автомобилдердин базардагы үлүшүн кеңейтүүгө жол ачат.

“Great Wall” компаниясынын штаб-батири Баодинде орун алган. Ал жыл сайын 1 млн сатышка ээ Кытайдын эң ири автоунаа чыгаруучулары болуп саналат.

“BMW” 2017-жылы Кытайда 372 миң автоунаа чыгарат. Анын ичинде 35 миңи “Mini” маркасы менен өндүрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!