40 жыл мурдагы сейрек унаалар табылды

40 жыл мурдагы сейрек унаалар табылды
15-Март 2018, Бейшемби, 10:23

Унааларындан коллекциясын сатуу менен алектенген “LBI Limited” компаниясынын ээлери Манхэттендеги жер алдындагы гараждардын биринен болжол менен 40 жыл турган сейрек кездешкен унааларды табышты. Бул унаалардын ээси аларды кайра калыбына келтирем деп үмүттөнүп таштаган, бирок ал муну жасаган эмес. Анда табылган унаалардын тизмегине “Silver-Knightstown Body Company” өндүргөн 1937-жылдагы “Packard” унаасы да бар. Болжолдуу түрдө мурда унаа тез жардам кызматы үчүн колдонулган.

Дагы бир унаа “Franay” чыгарган “Rolls-Royce” кузову британиялык саясатчы Филип Сассунга тиешелүү. Париждеги автосалонго 1937-жылы коюлган.

Үчүнчү жана эң эле уникалдууларынын бири “Delahaye Cabriolet” 1948-жылкы болуп табылды. Бул согуштан кийинки сейрек моделдин кузову “Vesters & Neirinck”дики орнотулган. Унаа 1948-жылы Брюссельдеги “моторшоунун” катышуучусу болгон жана француз “Виши” конкурсунун жеңүүчүсү аталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!