“Uber” айдоочусу жок унаасы сыноону токтотту

22-Март 2018, Бейшемби, 14:18

“Uber” компаниясы АКШнын баардык шаарларында айдоочусу жок унаасын сыноодон убакытча токтотту. Буга 19-март күнү Аризона штатынын Темпе шаарында айдоочусуз унаа жолдо өтүп бара жаткан аялды сүзүп кеткени себеп болду.

Полициянын маалыматы боюнча, автопилот режиминде кетип бара жаткан унаа көчөдө жөө өтүүгө болбой турган жерден өткөн 49 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Аял жаракат алып, ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон.

Компаниянын башычысы Дара Хосроушахи кайгылуу окуяга каттуу кайгырганын маалымдаган. Компания штаттын бийлиги менен кайгылуу окуяны текшерип жатышат.

Унаа өндүрүчү компаниялар, анын ичинде “Ford” менен “General Motors” айдоочусуз унаа кураштырууга көр каражат жумшап жатышат. Ага чейин да башка компаниялар жасап чыгарган айдоочусуз унаалар жол кырсыгына учураган. Мисалы, 2016-жылы “Google” корпорациясы сынаган унаа автобусту сүзүп алган. Бирак ал кезде эч ким зыян чеккен эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!