“Lada Vesta” унаасы башкы сыйлыгына ээ болду

24-Март 2018, Ишемби, 13:42

““Lada Vesta” унаасы белгилүү “Marcus” премиясынын башкы сыйлыгына ээ болду”,- деп жазат “life.ru” сайты. Сыйлык тапшыруу аземи Австрияда өттү.

Унаа «Экономикалык тартымдуулук» номинациясы боюнча жеңишке жетти. Чет элдик ММКнын маалыматы боюнча, австриялык эксперттер автомобилдин кунун көптөгөн чыгымы менен жыл сайынкы жүргөн чакырымына байланыштуу баалаган.

Бирок, эксперттерге 2017-жылы сатыкка чыккан дүйнөдөгү баардык унаалардын 49 модели гана сунушталган.

Дагы айта кетчү нерсе, сыйлыкка ээ болгондордун катарында “KIA Picanto”, “Renauit Grand Scenic”, “Peugeot 5008” жана “Rover Velar” унаалары бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!