Пекинде айдоочусуз унаалар сынакта

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 16:26

“Сыноону өткөрүү үчүн Пекин шаарынын өкмөтү жалпы узундугу 105 км болгон 33 автомобиль жолун ачты”, -деп билдирет “Синьхуа” агенттиги.

Алардын баардыгы 5-унаа айланма жолунда жана калк жыш жайгашкан аймактан сырткары жерде орун алган. Сынактан өтүп жаткан транспорт каражаттары контролдук аппараттар менен камсыз болуулары керек. Анткени алар айдоонун стилин, транспорт каражаттарынын орун алган жерин, ошондой эле ТС пилотсуз режимде башкарыла тургандыгын текшерүү үчүн кажет.

Мындан сырткары, бул сынакка катышып жаткан айдоочулар, бери дегенде 50 саат бою өз алдынча унааны башкаруу боюнча тажрыйбадан өтүшү керек. Жол сыноолорду жүргүзүү үчүн уруксат мөөнөтү 30 күн. Айдоочусуз унаа каражаттары сыноодон өткөндөн кийин, мөөнөтү аягына чыкканда лицензияны узартуу тууралуу өтүнүч бере аласыз.

Кытайлык “Baidu” 2015-жылдан баштап автономдуу жана учкучсуз унаалары менен жабдыкталган жеке автомобилдерин иштеп чыгууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!