Сегиз өлкөнүн ишкерлери көргөзмөгө келишти (видео)

17-Апр. 2018, Шейшемби, 15:56

Бүгүн 17-апрелде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт окуу жайында "Кыргыз Республикасындагы тамак-аш индустриясынын жумалыгы” конгресстик-көргөзмө форумунун ачылышы болуп, “FoodExpo Kyrgyzstan 2018” экинчи эл аралык тамак-аш өнөр-жай көргөзмөсү болуп өттү.

Ага Тамак-аш азыктарынын жана суусундуктарынын 2-эл аралык адистештирилген көргөзмөсү “FoodExpo Kyrgyzstan”;

Тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдыктардын, 2-эл аралык адистештирилген көргөзмөсү “FoodTechExpo 2018”;

Коомдук тамактануу ишканаларын жабдуу үчүн жабдыктардын, товарлардын жана кызматтардын 2-эл аралык адистештирилген көргөзмөсү “HorecaExpo 2018”;

Таңгактама азыктарды өндүрүү боюнча 2-эл аралык адистештирилген көргөзмөсү “UpakExpo Kyrgyzstan”;

Халал-индустриясынын 2-адистештирилген көргөзмөсү “HalalFoodExpo 2018” бириктирилди.

Бул жылы экспозицияга Белоруссиядан, Индонезиядан, Италиядын, Ирандан, Казакстандан, Кыргызстандан, Россиядан, Түркиядан, Өзбекстандан жана Шри-Ланкадан 40тан ашык компания катышты.


Бүгүнкү көргөзмө боюнча Айыл чарба министринин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Асылбеков кыскача токтолуп, ишкерлер чет өлкөдөн чыккан сапаттуу айыл-чарба техникалары менен таанышып, алыскы региондорду өнүктүрүүгө салым кошо аларын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!