​Фермерлерге 2,5 млрд. сом насыя берилди

8-Май 2018, Шейшемби, 13:05

Май айына карата дыйкан фермерлерге 2,6 млрд. сомго барабар насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 3-майына карата “Айыл чарбаны каржылоо-6” долбоорун ишке ашыруунун алкагында өлкө боюнча 6 миң 326 дыйканга 2 млрд. 584,6 млн. сомго барабар жеңилдетилген насыялар берилди.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Каржы министрлиги менен 11 коммерциялык банктын ортосунда жалпы суммасы 5 млрд 816 млн. сом өлчөмүндөгү келишимдерге кол коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!