​«Айыл банктын» жетекчисине эскертүү берилди

23-Май 2017, Шейшемби

Өкмөттүн кезектеги жыйыны учурунда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков «Айыл банктын» жетекчиси Мурат Акимовго фермерлерге берилип жаткан насыянын учурдагы абалын жөнгө салууга бир ай убакыт берди.

Жыйындын жүрүшүндө калган банктын ишине ыраазы болбогон өкмөт жетекчиси эгер бир айда берилип жаткан насыя жөнгө салынбаса иштен кетирерин эскертти.

«Өткөн жылы фермерлерге 1,1 млрд. сом насыя берилген. Ал эми бул жылы 425 млн сомго аздык кылууда. Эгер бир айдын ичинде фермерлерге берилген насыянын көлөмүн өткөн жылдын деңгээлине жеткирбесеңер кызматтан кетесиңер. Силер берген маалыматка караганда ушул күнгө 1 миң 709 насыя берилген, ал эми 14 миң фермер кезек күтүүдө. Силер атайлап жарандарды кыйнап жатасыңар. Силерде каражат бар. Силер айыл чарба тармагына бут тосуп жатасынар »,-дейт өкмөт башчы
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!