Таластык дыйкандар 30 миң тонна төө буурчакты экспорттоду

21-Окт. 2017, Ишемби, 13:55

Таластык дыйкандар жыл башынан бери 30 миң 110 тонна төө буурчакты экспорттошту. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка караганда, Таласта өстүрүлгөн төө буурчак учурда 50-55 сомдон сатылууда. Негизинен төө бурчак Россия, Казакстан, Түркия, Болгария жана Чех мамлекетине жөнөтүлүп жатат.

2017-жылы төө буурчак өткөн жылга салыштырмалуу 2 миң гектарга көп аянтка же 55 миң гектарга эгилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!