​6,6 млрд. сомдук насыя берилген

11-Янв. 2018, Бейшемби, 09:47

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылы айыл чарба товарын өндүрүүчүлөргө жалпы 6,6 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилген.

Атап айтканда 2017-жылы “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорунун алкагында 15 миң 161 айыл чарба азык-түлүк өндүрүүчү жалпы 6 млрд. 656,4 млн. сом насыя алган. Анын ичинен 1 млрд. 125.8 млн. сому өсүмдүк өстүрүүчүлөргө багытталган, мал багуу үчүн 4 млрд. 126.2 млн. сом жумшалса, ал эми айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагына 1 млрд. 404.4 млн. сом керектелген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!