​Айыл чарбасын колдоого 25 млн. доллар бөлүнөт

12-Янв. 2018, Жума, 11:52

Кыргызстан менен Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) ортосундагы долбоорду каржылоо келишими парламентте каралат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги 2017-жылы 21-августа Бишкек шаарында Кыргызстан менен IFAD ортосундагы “Рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк түзүү” долбоорун каржылоо боюнча келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.

Келишимге ылайык IFAD Кыргызстандын айыл чарбасын колдоо долбоору үчүн 25 млн. доллар бөлөт.

Долбоордун максаты жайыт бирикмелеринде кирешенин көбөйүүсүнө жана экономикалык өсүүнө, ошондой эле өз продукциясын рыноктордо соодалоо үчүн майда мал чарбаларынын биригүсүнө көмөктөшүү.

Долбоордун ишке ашуу мөөнөтү 5 жыл (2017-жылдан 2021-жылдар аралыгында).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!