​Күрөөгө продукция коюп насыя алса болот

24-Янв. 2018, Шаршемби, 17:48

Жогорку Кеңеште “Товар кампалары жана кампа күбөлүктөрү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат. Аталган мыйзам долбоору “кампа күбөлүктөрүн күрөөгө коюуп каржылоо” инсититутун киргизүүгө багытталган.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу айыл чарба ишкерлигинде айыл чарба продукциясынын наркы төмөн болгон учурда өстүрүлгөн продукцияны кампага сактап коюууга мүмкүндүк түзөт. Ошондой эле баалуу кагаз болгон “кампа күбөлүгүн” күрөөгө коюуп насыя алууга болот.

Экономика министри Артем Новиковдун айтымында “кампа күбөлүгүн” ишке ашыруучу товар кампаларынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун жоктугу учурда айыл чарба продукциясын күрөөгө коюуп насыя берүү өтө чоң тобокелдикти жаратат. Ар бир товар кампасы күбөлүк алат. Биз кампаларга чектөө киргизбейбиз. Аталган программага катышуунун каалаган ишкерлерге бир нече талаптар бар.

Бул мыйзам долбоорун ишке ашырууга негизги жоопкер орган катары Айыл чарба министрлиги жана Каржы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызамты эсептелет. Ошондой эле кампалардын талапка жооп берерин мамлекеттик экологиялык техинспекция текшерет, бирок оператор катары коммерциялык банктар эсептелет.

Учурда өлкөдө 3 миңден ашык кампа жайлары бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!