Окуучулар Түркияда байгелүү орунга ээ болду

3-Ноя. 2017, Жума, 16:09

Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары арасында өтүп жаткан Эл аралык олимпиадада Кыргызстандан барган окуучулар алдыңкы байгелүү орунга ээ болушту. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

26-октябрдан 5-ноябрга чейин Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары арасында жалпы билим берүүчү бардык предметтер боюнча Эл аралык олимпиада өтүүдө. Олимпиада Түркия мамлекетинде өтүп, ага Кыргызстандан жалпы билим берүүчү «Наима» мектебинен 8 окуучу катышып, алдыңкы 4 орунду багындырышты.

1-орун – Майрамбек кызы Медина (биология)

2-орун – Чынгыз кызы Айкокуль (орус тили)

3-орун – Майрамбек кызы Медина (орус тили)

3-орун – Жапарова Эсфира (математика)

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө Анталиядагы Туризм Академиясына окууга жеңилдиктер боюнча сертификаттар жана Түркияга акысыз эс алууга жолдомолор берилмекчи. Ал эми баш байгеге ээ болгон окуучуга Анталиядагы Туризм Академиясына акысыз билим алууга жолдомо берилмекчи.

Иш чара Анталиядагы Туризм Академиясынын, Орусия федерациясынын Түркия мамлекетиндеги башкы консулдугунун алдындагы Эл аралык «Орус мектеби» жана Анталиянын мэриясы тарабынан уюштурулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!