​ЕБ билим берүүгө гарант бөлөт

22-Дек. 2017, Жума, 16:42

Евро биримдик Кыргызстандын билим берүү жаатын колдоо үчүн 10 млн. евро гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Каражаттын бир бөлүгү бюджеттин тартыштыгын жоюуга жумшалат. Калганы окуу китептерин алууга, бала бакчаларды каржылоого жана билим берүү мекемелерине Интернет орнотууга керектелет.

Бул каражат жалпы 36 млн. евро көлөмүндөгү бюджетти колдоо программасынын алкагында берилет. Бул аталган программанын чегиндеги экинчи транш. Ал эми 10 млн. евро өлчөмүндөгү калган үчүнчү бөлүгү келерки жылда келери күтүлүүдө. Үчүнчү таранштын келер келбеши Евро бирмдиктин Кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин талаптарынын аткарылышына көз каранды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!