Суукка байланыштуу окуучулар каникулга чыгат

25-Янв. 2018, Бейшемби, 13:31

Катуу сууктан улам 26-январдан тарта Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси токтотуларын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, министр Гүлмира Кудайбердиева атайын буйрукка кол койду. Агы ылайык беш күндүк окуу каралган мектептин окуучулары 26, 29 жана 30-январь күндөрү эс алат. Ал эми алты күн окуткан мектептер 26, 27, 29 жана 30-январь күндөрү эс алышат.

Үзгүлтүккө учураган окуу программасы ишемби күндөр жана жазгы каникулдун эсебинен толукталат.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!