​ЖАМУнун беш студенти ОШМУдан билим алышат

26-Янв. 2018, Жума, 14:46

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 5 студенти академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде кошумча билим алуу максатында “Ош декларациясы” жана университеттер ортосундагы эки тараптуу келишимдердин алкагында Ош мамлекеттик университетине бир семестр окуп келүү үчүн жөнөтүлдү.

Ош мамлекеттик университетинде 2016-жылдын 20-21-май күндөрүТарых жана маданият жылына арналган Студенттербилимдүү, бирдиктүүКыргызстан үчүн!” аттуу республикалык ЖОЖдор аралык студенттердин достугу үчүн фестивалы уюшулган.Фестивалдын экинчи күнү 21-майда республикабыздын жети дубанында жайгашкан Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, Ош гуманитардык-педагогикалык институту, С. Нааматов атындагы Талас мамлекеттик университети, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети жана Баткен мамлекеттик университетинин ректорлору университеттер аралык ички мобилддүүлүктү чыңдаган “Ош декларациясына” кол коюшкан.

Декларацияда университеттер аралык педагогикалык тажрыйба алмашуу, студенттерди алмашып билим берүү, жаш окумуштууларды башка ЖОЖдун өрнөктүү профессорлорунун сабактарына катыштыруу, профессорлорду бири-бирине алмашуу менен конференция, симпозиумдарды, онлайн-лекция, видео-конференцияларды уюштуруу сыяктуу ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешип эл аралык ири долбоорлорду ишке ашыруу, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү иштери камтылган.

Жалал-Абад мамлекеттик университети да ушул багытта жигердүү иштерди жүргүзүп, окуу, илимий, маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу менен башка окуу жайлардагы жүргүзүлгөн иштерге катышууда.

Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университетинда 2016-жылы болсо, 2017-жылы студенттер жана окуу жайдын кызматкерлери К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болушкан. Ал эми бул жылы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун уюштуруусу күтүлүүдө.

Ал эми академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде окууга жөнөп жаткан студенттердиЖАМУнун окуу-иштери боюнча проректору Атабек Алибаев кабыл алып, академиялык мобилдүүлүк боюнча жасалып жаткан иштер жана алдыдагы максаттар менен ой бөлүшүп, билимге ынтызар прогрессивдүү студенттерге ак жол тилеп, окууларына ийгилик каалады. Алдыда дагы аталган программанын негизинде үлкөн иштер турмушка ашырыларын кошумчалады.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!