Жаңгактын өзгөчө касиети табылды

18-Март 2017, Ишемби

Диетологдордон жаңгакты сүйүп жегендер үчүн жакшы жаңылык. Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаңгакты күнүмдү рационго кошуп жесе ал рак клеткаларынын өсүшүн токтотот.

Йен шаарынын “Friedrich Schiller” университетинин немец окумуштуулары жаңгак онкологиялык ооруларды болтурбоодо чоң жардам берээрин айтып чыгышты. Татту, туздуу, куурулган же жаңы, кандай гана болбосун жаңгак ичеги карын рагын алдын алат. Бул туралуу “ Science Daily” басмасы жазып чыкты.

Университеттин кызматкерлери беш түрдөгү жаңгактын таасирине байкоо салышкан. Алар: макадамии, фундук, грек жаңгагы, миндаль жана фисташки. Изилдөөчүлөр бул мөмөлөрдөн көптөгөн пайдалуу микроэлементтерди табышкан. Булардын баары рак клеткалары пайда болоордо иштин бузулушун алдын алышат.

Окумуштуулар баардык жаңгактар бирдей пайдалуу эмес деп белгилешет. Грек жаңгагын тамак-ашта колдонуу көп пайда алып келет дешет алар. Ал ичеги карынга гана эмес, мээнин иштөөсүнө стимул берет.

Пайдалуулугу аз болгон жаңгак бул арахис. Бул мөмөдө пайдалуу заттар аз кездешет. Мындан сырткары ал аллергияны чакырышы мүмкүн.

Дарыгерлердин айтуусу боюнча жаңгак керемет азыктардын бири. Алар рак менен гана күрөшпөстөн, ууланган маалда детоксикацияны басаңдатат. Ошондой эле мөмөлөр жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун үчтөн бирин азайтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!