Электрондук тамекиден сак болуңуз!

10-Апр. 2018, Шейшемби, 10:53

Бүгүнкү учурда электрондук тамекилер ден соолукка эч кандай зыяны жок деп жарнамалап жүрүшөт. Жашы карысы дебей ушундай тамекилерди чегип жатканын көрүп калабыз. Бирок Гарвард университетинин окумуштуулары анын адам өмүрүнө чоң коркунуч жаратып жатканын далилдеди. Биз бүгүн сиздерге ошол тууралуу айткыбыз келип жатат.

Изилдөө жумуштары учурунда суюк жыпар жыты бар тамекинин курамында 75 пайыз диацетил бар экенидиги аныкталды. Ал өтө коркунучтуу өпкө оорусуна алып келет. Аны кээде «өпкө попкорну» деп да аташат. Анткени бир кездерде попкорн чыгарган заводдун кызматкерлери жапырт ушул электрондук тамекинин зыянын чегишкен.

Бул тамекини көпчүлүк кадимки тамекини таштоо үчүн чегишет. Бирок, мунун да адам баласынын ден соолугуна терс таасир тийгизген жактары көп экенин чет элдик окумуштуулар далилдеп жатышат. Курамында диацетил менен бирге ацетилацетон жана 2,4-пентандион сыяктуу органикалык кошулмалар бар. Ошондуктан, бул тамекинин зыяны жок деген маалымат жалган. Кандай тамекиден болсо да алыс болуңуз. Себеби, анын арты жакшылыкка алып барбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!