Жети мүнөттүк жүгүрүүнүн жүрөккө пайдасы

11-Апр. 2018, Шаршемби, 12:02

Күнүнө жети мүнөттүк жүгүрүү жүрөк-кан тамыр ооруларынын кесепетинен болчу өлүм коркунучун азайтат. Бул тууралуу Айова Университетинин америкалык окумуштуулары билдиришти.

Окумуштуулардын тажрыйбаларында 18ден 100 жаш аралыгындагы 55137 адам 15 жыл бою изилденген.

Натыйжасында, жүгүрүү менен алектенген адамдарда өзгөлөргө караганда өлүмгө түрткү берүүчү себептер 30 пайызга кем болсо, жүрөк-кан тамыр оорулары менен инсульттан көз жумуу коркунучу 45 пайызга төмөндөдү. Жүгүрүү менен алектенген адамдар 3 жылга узак өмүр сүрүшкөн.

Жумасына болгону 50 мүнөт, же күнүнө болжол менен 7 мүнөт жүгүрүү өлүм коркунучун азайтты деп маалымдайт “Healthvesti” порталы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!