Иммунитетти бекемдөөчү үч суусундук

18-Апр. 2018, Шаршемби, 12:54

Күнү бою сергек жүрүшүбүз үчүн, жана оорубай саламата болуш үчүн бул суусундуктун пайдасы өтө мол. Ошондуктан эртең менен кофе эмес, ушул суусундукту ичип жүрүңүз.

1. Лимон + жалбыз

Жалбыз табигый антибактериалдык өсүмдүк болсо, лимон күч-кубат берип, иммундук системаны бекемдейт. Суусундукту даярдоо үчүн жалбыз жалбырактарынын үстүнө кайнаган сууну куюп, карым лимон ширесин кошуңуз.

2. Лимон + анар

Анар – күнүмдүк турмушта колдонуш керек болгон витаминдердин 40 пайызын түзөт! Ооруп калууга каршы касиетке да ээ болгондуктан сасык тумоо, суук тийүү жана башка вирустук ооруларды болтурбайт.

3. Лимон + имбир

Имбирь зат алмашууну, тамак-аш сиңирүүнү жакшыртып, иммунитетти бекемдейт. Имбир тамырынын аз гана бөлүгүн майдалап турап үстүнө кайнаган суу куюп, лимон ширесин кошуңуз. Бол кошуп, суусундукту таттуу кылып алсаңыз да болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!