Оксолин мазын сүйкөп жүрүңүз

19-Апр. 2018, Бейшемби, 14:06

Эгер оксолин майынын курамындагы жазылган азыктарга ишене турган болсок, ал вирустуу тумоону, конъюнктивиттен, өтүшүп кеткен дем алуу жолдорунун вирустук инфекциясы менен сасык тумоодон коргойт.

Чындыгында бул маалымат кайдан пайда болгону белгисиз. “PubMed” дүйнөлүк медициналык изилдөөлөрдүн базасынан 1980-1990-жылдар аралыгында кээ бир окумуштуулардын оксолин майынын вируска каршы тура алаган таасири бар экендигин далилдегиси келген саналуу жумуштарын гана табууга болот. Анын өзү жыйынтыктоочу чечим чыгарылбай, башкы калыбында калган.

Дүйнөлүк көрсөтмөлөрдө вирустуу ооруларды дарылоо үчүн керек болсо оксолин майына окшош башка май таптакыр жок. Ушул тармактагы россиялык башкы адистердин айтуусу боюнча, эгер оксолин вирустун көбөйүшүн алдын алуучу касиети бар болсо да аны пайдалангандан кийин организмде башка дагы оорулар пайда болушу мүмкүн. Тактап айтканда дем алуу жолдору менен кирген микроорганизмдер майдын сүйкөлгөн жеринен да терең кирип кетет.

Корутунду: оксолин майынын вирустарга каршы турары тууралуу маалымат эч негизсиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!