Туура эмес тамактануунун организмге таасири

31-Март 2017, Жума

Тамак-аштар ден соолугубузга жана акыл-эсибизге терс таасир этиши мүмкүн. Ашыкча тамактануу, көп өлчөмдө туз жана кант кабылдоо организмге олуттуу зыян алып келет. Канчалык зыяндуу тамакты көп жесек, ошончолук организмде зыяндуу элементтер көп чогулат.

Көпчүлүгүбүз брокколи капустасы менен шоколад кексинин бирөөсүн тандоо керек болсо албетте кексти тандайбыз. Таттуулар, кайрадан иштетилген тамак-аштар биздин организмге кандай таасир берет?

Депрессияга түртөт

Туура эмес тамактануу мээнин иштөө милдеттерин, кандагы шекердин өлчөмүн жана маанайыбыздын түшүшүнө таасир берет. 2010-жылы “American Journal of Psychiatry” журналына салттуу диетага байланыштуу материал жарыялаган. Батыш диетасындагы кант, кайра иштетилген азыктар катышкан диета депрессияга түртөөрү жазылган.

Мээнин иштөөсүн төмөндөтөт

Кант жана майлар ашыкча салмак кошуп андан улам мээнин иштөөсүн жайлатат. 2011-жылы “American Journal of Clinical Nutrition” басып чыккан изилдөөлөрдө беш күн бою дени сак адамдар туздуу жана майлуу азыктар менен тамактанышкан жана ал терс жыйынтык көрсөткөн.

Жүрөк ооруларынын себептери

Май, каллориялуу жана кант өлчөмү жогору жер жемиштер жана дан азыктары кан басымдын жогорулашына, жүрөк оорусуна жана тамырлардын ичкерип кетүүсүнө атересклерозго алып келет. Бул жүрөк кризиси менен мээге кан тамып кетүү коркунучуна алып келет.

Салмак кошот

Биздин тамактануубуз менен дене салмагынын ортосунда тыгыз байланыш бар. Изилдөөдө майлуу жана таттуу тамак жеген адамдардын салмагы жана организмдеги майдын пайызы жогору экенин көрсөтүп турат. Организмде майдын чогулушу менен кант диабет оорусуна кабылып калуу коркунучу артууда.

Акылсыздыкка алып келет

Инсулинге уйку бези иштелип чыгат жана организмде глюкозаны таратууда жардам берет. Инсулин баш мээде өндүрүлүп, ал нерв клеткалары арасындагы сигналдар жана мээдеги эс тутумду жакшыртат. Кант диабетинин 2 тиби инсулиндин жогорулап, мээ гормондорго ээ боло албай, туруштук бере албай калат. Мындай абал эске сактоону начарлатып, Альцгеймер оорусунун пайда болушуна алып келет.

Остеопороз коркунучун жогорулатат

Иштетилген азык-түлүк кездешүүчү шекер жана аз деңгээлдеги кальций, фосфордун көбөйүшүнө алып келет. Бул деген сөөктөрдүн өзгөрүшү, алардын ортосундагы тешикчелердин чоңоюшун жогорулатат. Остеопороз-бул адамдагы сөөктөрдүн ооруусу. Сөөктүн составындагы кальцийдин кан менен кошулуп чыгып кетиши. Остеопорозго кабылган адамдын сөөгүнүн түзүлүшү өзгөрүп борпоң болуп калат. Остеопорозго кабылган адам эч кандай жарат албай эле бир калыпта ден-соолугум чың деген ойдо болсо деле, түптүз жолдо бартып буту чорт сынып калышы мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!