Күрүч суусунун ден соолукка пайдасы

11-Апр. 2017, Шейшемби

Эзелки Кытай рецептери сулуулугубузду сактайт. Убакыттын өзү текшерген медициналык билим адаттагы жашартуучу каражаттар пайдасын тийгизбеген кезде жардамга келет. Кытайлыктар күрүчтү өзгөчө жакшы көрүшөт эмеспи. Бул азыкты көп колдонгондору да бекеринен эмес.

Туура даярдалган күрүч өмүрдү узартып, организмди керектүү заттар менен камсыз кылып, пайдалуулугун арттырат. Күрүч жеген кезде организмдеги зыяндуу токсиндер сыртка чыгат. Ашказан менен ичеги карындын кызматын ирээтке келтирет.

Күрүчкө караганда анын суусунун пайдасы мол. Эгер мурун-кийин күрүч суусунун пайдасы тууралуу укпаган болсоңуз, дал азыр дени сак өмүргө кадам таштаңыз. Сулуу келбет, күч-кубат, теринин соолугу-күрүч суусун колдогон адамдардын шериги. Күрүч суусу организмди көмүр суулары менен камсыз кылып, ашказан ооруларын айыктырып, артериялык кысымды жөнгө салат.

Мындан сырткары анын косметикалык касиети бар: бет терисинин түсүн бир өңчөй кылып, майлуулугун азайтат. Балдар үчүн атайы азыктар чыга элек кезде ата-энелер балдарын ушундай суу менен тамактандырышкан. Күрүч суусунун аркасында дисбактериоз, дерматит сыяктуу оорулар өтө сейрек кездешкен.

Ал өтө жөнөкөй даярдалат: аз өлчөмдөгү күрүчтү сууга салып кайнатасыз. Бир стакан сууга бир аш кашык күрүч жетиштүү болот. Боркурап кайноосуна чейин отко коюп туруңуз. Ал менен күнүнө бетти эки жолу жууп туруңуз. Бир жуманын ичинде оң натыйжасы байкала баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!