Колтук тердесе

24-Авг. 2017, Бейшемби

Колтуктун тердегенин басуу үчүн 1 чай кашык эмен кабыгына бир стакан кайнаган суу куюп, лимон ширесин кошуу керек. Бул тундурманы кездемеге сиңирип алып, колтукту сүртүп жүрсө терчилдикти аз-аздан басат.

Ошону менен бирге бат тердеген колтукту ашкана содасы кошулган жылуу суу менен сүртүп, жууп жүрүүгө болот. Бул да тердин бөлүнүүсүн бара-бара азайат.

Организмдин кызматы начарлангандан келип чыккан терчилдикке бул ыкманын натыйжасы убактылуу гана болушу мүмкүн. Ошондуктан жеке дарыгер менен кеңешиңиз.

Жалпы организмге иммунитетти күчтөндүрүүчү дары-дарымектер менен катар микроэлементтерге бай витаминдерди үзбөй пайдалануу кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!