Тырыктан кандай арылууга болот?

29-Авг. 2017, Шейшемби

Түрлүү жаракаттын териде калган орду, тагыраак айтканда тырыктан арылуунун жолу барбы? Өкүнүчкө карай, жашоодо түрдүү терс жагдайларга тап болуп, терисине «из» салган адамдар жок эмес. Демек, алар үчүн бул сурактын жообу өтө маанилүү. Эмессе жыгылып-сүрүнгөндөн, кулап сыйрытып алгандан, күйүктөн калган тактарды же болбосо операциядан кийин калган изден арулуунун жолу караштырсак.

Лимон ширеси

Лимон ширесинин тырыкка күндө сүйкөп туруу кажет. Бул дарыны натыйжасы байкалганга чейин улантабыз. С витаминине бай лимон ширеси чыгып турган терини жумшартып, ордуна келтирет жана кызарганын (кээ бирөө көгөрөт) басат.

Алоэ вера

Ал теринин кайра калпына келүүсүн камсыз кылат. Алоэ вера ширесинде С жана Е витаминдеринин өлчөмү көп. Алар терини жашартып, дарылоочу антиоксиданттар экени белгилүү.

Аспирин

2 таблетканы майдалап, коюлатуу үчүн 1 тамчы суу тамызыңыз. Аны тырыкка сүйкөп, кургап калганда суу менен жууп таштаңыз. Бул дарыны күндө кайдалаңыз.

Бал

Бал терини керектүү витаминдер, минералдар жана антиоксиданттар менен камсыз кылат. Тырык болуп калган терини жумшартып, теринин табигый түсүн кайтарат. Ошондой эле териде жаңы клеткалардын түзүлүшүнө таасир берет.

Алма уксусу

Анын да катып калган терини жумшартуучу, түсүн кайра калыбына келтирүүчү таасири бар. Ошондуктан күнүнө бир нече жолу алма уксусу менен тырыкты сүртүп туруу пайдалуу.

Сарымсак майы

Сарымсак майы да денедеги тырыкты кетирүүгө жардам берет. Эгер сарымсак майы табылбаса, сарымсактын өзүн эзип, тырыкка сүйкөп, басып туруу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!