Тамекиден кийинки кооптуу нерсе – туз

7-Окт. 2017, Ишемби, 11:35

Азыр кээ бир адамдар саламаттуу өмүр сүрүү үчүн тамекиден, спиртик ичимдиктерден, газдуу суусундуктардан, куурулган эттен баш тартышууда. Бирок чамадан ашыкча туз пайдалануу булардан да зыяндуурак.

Дүйнө жүзүнүн ден солуукту сактоо уюму дүйнөдө кеңири тарап жаткан жугуштуу эмес оорулардын, тамекиден кийинки себепчиси жана кооптусу – туз деп кабарлашууда.

5 миң жыл мурда күнүнө жарым грамм туз менен өмүр сүрүүгө үйрөгөн адамдын тузду колдонуусу акыркы жылдары өзгөчө көбөйдү. Азыр туздун күнүмдүк колдонуусу орточо эсеп менен 8 граммга көтөрүлдү. Анын башкы себептеринин бири даяр тамак-аштардын пайда болуусу.

Японияда 50 жыл мурда колдонулган туз өлчөмү күнүнө 18 грамм болгон. Ошол себептен шал (паралич) ооруларына чалдыккандардын саны өтө көп болгон. Кийин өкмөт туздун колдонуусун азайткандан соң анын күнүмдү өлчөмү 4 граммга түшкөн. Ал эми шал оорусу менен ооругандар 80 пайызга азайган. Туз пайдаланууну 2 граммга азайтылганда, 4 жылда жүрөк оорусу менен ооругандардын саны 25 пайызга азайган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!