Антибиотиктерден 10 эсе күчтүү дары

9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 15:24

Кыш жакындап келе жатат деп кабатыр болбоңуз! Бул суукка каршы үй шартында 100 пайыз табигый азыктардан турган дарыны даярдайбыз. Жана дагы ал антибиотиктерди он эсе күчтүү! Бул кыштан оңой, оорубай чыгып кетүүңүзгө жардам берет.

Биз ооруган кезде «тез айыгуу» үчүн антибиотиктерди иче баштайбыз. Ал эми алардын ден соолугубузга тийгизген таасири тууралуу баардыгыбыз эле биле бербейбиз. Антибиотиктердин олуттуу тийгизген терс таасири:

1.Аллергиялык реакциялардын пайда болуусу

Аллергиялык реакция терини кычыштырып, денеде кызарган тактар пайда болуусу ыктымал. Бул жөн гана кычышуу эмес, ал бара-бара арты коркунучтуу жагдайларга алып келүүсү мүмкүн.

2. Боордун иштөөсүнүн бузушу

Боор оорулары менен ооруган адамдар дарыгердин кеңеши менен антибиотиктерди пайдаланылышы керек. Болбосо, боорго олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.

3. Бөйрөктүн жетишсиздиги

Түшүнүксүз антибиотикти колдонуу бөйрөккө терс таасир берет. Бул токсиндер органдын жетишсиздигине алып келет.

4. Диареяга алып келет

Антибиотиктерди колдонууда пайдалуу бактерияларды өлтүрүп жана начар бактерияларды пайда кылат. Мунун аягы диареяга алып келет.

Мындай учурда ар дайым дарыгердин кеңеши менен колдонуңуз. Антибиотиктерсиз бул кыштан чыккысы келгендер эмне кылуулары керек?

Бул өтө жөнөкөй, себеби биздин дары-дармектерибиз өз тамак-ашыбызда. Эң башкысы, табигый азыктар антибиотиктерге караганда күчтүү.

Ал үчүн керектүү азыктар:

1/2 чыны табигый бал

10 тиш сарымсак

5 чай кашык алма уксусу

Кандай даярдалат?

Сарымсакты тазалап алып, баардык ингредиенттерди блендерге салып, болжол менен 2 мүнөт аралаштырыңыз.

Атайы оозу жабык идишке салып табигый дарыны сактаңыз. Бул аралашманы 5 күн бою колдонуңуз.

Эртең менен ачкарын бир чай кашыктан жеп туруңуз. Сасык тумоо менен ооруган учурда колдонулуучу бул дарыны кан басымды төмөндөтүүгө таасир берет. Мунун натыйжасын 2 жума бою ар дайым колдонгондон кийин байкасаңыз болот.

Эскертүү: Бул табигый аралашма болсо да, колдоноор алдында дарыгер менен кеңешиңиз. Себеби курамындагы азыктарга аллергиялык реакцияңыз болуусу мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!