Кандай тамактарды бирге жегенге болбойт?

11-Окт. 2017, Шаршемби, 14:37

“Кээ бир азык-түлүктү бирге пайдалануу кандагы кантты көбөйтүп, ошону менен бирге сиңирүүдө кыйынчылык алып келүүсү ыктымал”,- деп бирдирет окумуштуулар. Эгерде бул тамактарды өз-өзүнчө пайдаланса ден соолукка кооптуу эмес экенин да кабарлашты. Бул тууралуу “ сегодня.ua” сайты маалымдады.

Адистердин айтуусу боюнча, сүт кошулган чай биздин организм үчүн өтө оор экен. Алардын пикири боюнча, сүттү чайга кошкондо, сүт анын пайдалуу касиеттин жоюп жиберет экен. Сүттүн курамындагы белок антиоксиданттар менен аралашып, организмдин сиңирүүсүнө тоскоолдук жаратат. Чайдын кофеини сүттүн курамындагы кальцийдин сиңүүсүн болушунча төмөндөтөт.

Эксперттер ак нага варенье сүйкөп жеген таттуу кумарлардын бул аракетин зыяндуу деп чыгарышты. Анан менен вареньени аралаштырып жеген кан курамындагы канттын жогорулоосуна алып келет. Ошону менен бирге бул уйку бези үчүн катуу сокку болот.

Кофеин мен алкоголду бирге ичүү да кооптуу. Адистердин пикири боюнча, спирт ичимдиги алкоголь бошоңдотсо, кофеин тескерисинче сергектик берет. Организмге эки түрлүү сигнал берет. Берилген эки белгини аткаруу физиологиялык көз карашта орундатуу өтө оор.

Медицина адистери ошондой эле сыра менен бургерди да аралашытырууга болбоорун айтышат. Алардын пикири боюнча боорго биринчи кезекте ичимдик оорудук келтирсе, андан кийин майлуу бургерди сиңире албай кыйналат. Ошондуктан да май кандын курамында ыдырабагандыктан, биздин ден соолук начарлай түшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!