Жөтөлдөн банан кисели аркылуу арылуу

12-Окт. 2017, Бейшемби, 11:42

Бул жаш балдарга да, чоң адамдарга да пайдасы мол жана жөтөлдөн оңой кутулуу жолу. Бронхитти да ушул ыкма менен дарылоого болот.

Курамы:

1 банан (жакшы бышкан жана чоң)

1 стакан шекер

200 мл суу (кайнап турган)

Даярдоо жолу:

Бананды тазалап, аны эзип шекер менен аралаштыруу кажет. Үстүнөн кайнап турган сууну куюп, бул аралашманы 30 мүнөт демделгидей бетин жаап коюу зарыл.

Алынган массаны сүзгүчтөн өткөзүп, (сүзгүч темир болбосун, темир сито карартып жиберет) жылытып ичүү абзел.

Пайдалуу кисель даяр! Жарым чыныдан ар бир 2 саат сайын жылытып ичиңиз. Бир нече күндөн кийин натыйжасын көрөсүз. Кымбат дары-дарымектин кереги жок!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!