Хирург аялдар операцияны жакшы жасашат

13-Окт. 2017, Жума, 15:26

Окумуштуулар хирург аялдар операцияларды эркектерге караганда алда кайда жакшы жасашарын маалымдашты. Эксперттердин пикири боюнча, бул корутунду аялдар оорулуларга көбүрөөк көңүл бөлүп, белгиленген эрежелерди так жана катачылык кетирбей жасаганга негизделген.

Торонто университетинин окумуштуулары хирургдун жетекчилиги менен жүргүзүлгөн хирургиялык операциялардан кийин дарылангандардын саны 12 пайызга көбөйгөндүгүн аныкташкан. Изилдөөчүлөр 2007-жылдан 2015-жылга чейинки убакта 104 630 оруулуну тандап, 3,314 дарыгерлер тарабынан операция жасалган. Ушудан кийин алар бир ай бою операциядан кийин кандай калыбына келгендиктерине байкоо жүргүзүшкөн.

Изилдөө натыйжасы көрсөткөндөй, хирург аял оорулуга операция жасаганда, өлүмгө алып келүүчү натыйжа төмөндөгөн. Маалыматтын авторлору мындай натыйжалар аял дарыгерлердин өз пациенттерине жакшы көзөмөл жүргүзүшүп, эрежелерди так аткаргандыгы менен ийгиликтүү жыйынтыкка жетишкенин белгилешти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!