Ангина үчүн...

19-Окт. 2017, Бейшемби, 10:13

Ар кандай оорулардан айыгуу үчүн адам баласы байыртадан бери эле өсүмдүктөрдөн, алардын тамырларынан ар түрдүү дары-дармектерди жасап, дарычылыкка пайдаланып келишет. Айрым оорулардын дабасы болгон элдик медицинадан ангина үчүн табигый рецепти сиздерге сунуштайбыз.

Ангинада


Бир кичине лимондун кесиндисин көпкө чейин чайнап, андан кийин бир саат тамак ичпөө керек.

Аралашманын бир бөлүгү алоэнин ширеси болсо, эки бөлүгү бал, үч бөлүгү арак болушу керек. Ушул аралашмадан компресс жасайсыз.

Бир чоң кашык алманын уксусун жарым стакан жылуу сууга аралаштырып, ошону менен күнүгө бир нече ирет (3-5 мүнөттөн) тамакты чайкап туруу зарыл.

Бир тоголок пиязды аллюмин фольгасына салып, духовкада бышырасыз да, пияз жылуу болуп калганда тамактын тушуна таңып коёсуз.

Жаңы капустанын жалбырагын ооруган тамактын тушуна коюп, жалбыракты эки саатта бирден алмаштырып турсаңыз жакшы жыйынтыгын берет.

Бир чай кашык роза гүлүнүн кургатылган жалбырагын бир литр сууга, же болбосо сүткө кошуп, аны кайнатуу керек. 15 мүнөттөн кийин аны менен тамакты чайкоо зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!