Суук тийип калбасын десеңиз...

19-Окт. 2017, Бейшемби, 10:22

Күз келип, суук кыр көрсөтө баштады. Мына ушул учурда көпчүлүк адамдар суук тийгендиктен ооруп калышат. Мунун себеби ден-соолугубузга кам көрүүнүн жөнөкөй эрежелерин сактабагандыктан келип чыгаары талашсыз. Андыктан биз маани бербеген жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелерди эсибизге түйүп алалы.

1.Иммунитетти жакшыртуучу калориялуу, витаминдүү тамак-аштарды колдонуу керек. Эт, сүт азыктары, жашылча, мөмө-жемиштерден сырткары сарымсак, пияз, калемпир кечки тамактануунун менюсуна кошулганы жакшы.

2.Суюктукту көп ичүү зарыл. Суу, шире, шербеттер. Ошондой эле малина, ромашка, карагат жалбырактарынын кайнак сууга чыланган тундурмасына лимон, бал кошуп ичүү сунушталат.

3.Бети-колду бат-баттан жууп, мурундун ичин тазалап туруу керек. Кечкисин душка чайкануу же ваннага түшүү туура. Сырттан үшүп келсеңиз, ысык ваннага түшүп, дароо төшөккө жаткан оң. Кышкысын күнүгө болбосо да аптасына бир жолу мончого барып бууга отуруу пайдалуу.

4.Ысыктан дароо суук жайга чыгууга болбойт жана жел өткөрүп алуудан сактаныңыз.

5.Жылуу кийим. Сулуулуктан жылуулук маанилүү экендигин эстен чыгарбаңыз.

6.Эртең менен башты жуугандан кийин сөзсүз кургатуу талап кылынат. Эң жакшысы, эртең менен жуубай деле койгон дурус.

7.Көбүрөөк уктаганга аракет кылыңыз. Уйкудан организм эс алып, иммунитеттин жакшырышына шарт түзүлөт.

8.Көпчүлүк эл топтолгон жайларда атайын медициналык бет капты кийип жүрсө, сасык тумоодон коргонууга жардамы тиет. Эреже катары бир бет капты 2 сааттан ашык тагынууга болбойт.

9.Жылуу кийинип таза абада 2-3 саат сейилдөөгө убакыт бөлүү керек. Бул организмдин кычкылтек менен толук кандуу камсыз болушун шарттайт.

10.Бөлмө температурасы 20 градустан жогорулабаганы жакшы. Ошондой эле бөлмөнү маал-маалы менен желдетип, чаңдарды ным чүпүрөк менен тазалап туруу керек.

11.Эртең менен уйкудан ойгонгондо жата бербестен дароо туруп, физикалык көнүгүүлөрдү жасаган жакшы.

Эгер суук тийип ооруй баштасаңыз, сөзсүз дарыгерге кайрылып, дарылануу керек.

Үй шартында ден соолукка кам көрүү

Бир стакан кайнак сууга 20 грамм бал, жарым лимондун ширесин кошуп ичип жүрүңүз. Бул организмди чыңдап, ооруларга туруштук берүүгө жардам берет.
Эгер үйүңүздө ванна болсо, ага суу толтуруп, лимон тундурмасын кошуп жатсаңыз болот.

Бул тундурманы даярдоо үчүн 6-7 лимонду кабыгы менен сүргүчтөн өткөрүп, 2 саат ысык сууга чылап коюу керек. Мындай ванна организмди чыңдоого көмөкчү болот.
Ал эми кичине балдардын мойнуна сарымсакты шуру кылып байлап койсо, сасык тумоону алдына алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!