Эркектерге кан куюу кооптуубу?

19-Окт. 2017, Бейшемби, 14:01

Кош бойлуу келиндердин канын эркектерге куйган кезде, алардын өмүрү кыскарат экен. Мындай маалыматты Голландиянын окумуштуулары жарыялаган.

“Кош бойлуу эмес аялдарга караганда, наристе күтүп жүргөн аялдардын каны куюлган эркектердин өмүрү кыскарат”,- делет окумуштуулардын билдирүүсүндө.

Буга кош бойлуу аялдардын канындагы аннтитела себеп болуусу мүмкүн. Алар аялдын организминде түйүлдүктү коргоо үчүн чыгарылат. Ал эми башка организмге кирген кезде тескери реакция жүрөт.

Дарыгерлер буга байланыштуу изилдөөнү 2005-жылдан 2015-жылга чейин жүргүзгөн. Ага 30 миңден ашык адам катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!