Анардын кан үчүн пайдасы

24-Окт. 2017, Шейшемби, 10:03

Кандын кызмат

Чоң адамда орточо эсеп менен 5 литрге жакын кан бар. Кан организмде үч негизги функцияны: транспорттук (ташуучулук), регулятордук (жөнгө салуучулук) жана коргоочулук кызмат аткарат. Транспорттук функциясы кычкылтек менен денеге азык болуучу заттарды бардык органдарга ташыйт.

Экинчи кызматы эндокриндик (ички бездер) системанын иштешин жөнгө салат. Коргоочулук кызматы биздин иммунитетти сактайт. Ден-соолугу чың адамдын кан курамы туруктуу. Кандын курамы качан гана иммундук системанын иштеши бузулганда (адам ооруганда) өзгөрүлөт. Аз кандуулукта кандын өлчөмү азайбайт, болгону, кызыл кан денечелери (гемоглобин) азайып кетет. Ушундан улам өңдүн бозоруп, купкуу тартуусу, алсыздык, дене жанчылгандай абал күтүлөт. Көбүнчө анемия темирдин жетишсиздигинен келип чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!