Нан кандагы канттын деңгээлин төмөндөтөт

25-Окт. 2017, Шаршемби, 11:44

Бүтүндөй дан жана буудай наны ден-соолук үчүн өтө маанилүү. Ал диабеттин өрчүү кооптуулугун алдына алат.

Чыгыш Финляндия Университетинин адистери изилдөө жүргүзүп, булага (клетчаткага) бай болгон нанды көп-көптөн жеп туруу кандагы кант деңгээлин төмөндөтүүгө жана экинчи даражадагы диабеттин өрчүп кетүү коркунучун алдын алаарын далилдеген.

Кара жана будай наны да инсулинге каршы туруу реакциясын жакшыртат. Ал эми ак нан канты жогоруу деңгээлдеги адамдарга да, дени сак адамдарга да пайдасыз экени далилденди.

“Нан диабеттин өрчүшүн алдын алары буга чейин айтылган. Мындай таасир нандын курамындагы буладан улам болуп жатат. Ал метаболизмге ашказан, ичеги-карын жолдору аркылуу түздөн-түз таасир берет,”-деп кабарлайт “Xinhua”.

Дандан жасалган нан арыктоо үчүн да пайдалуу экени маалым. Күнүнө нандын бир нече кесимин жеп туруу салмакты бир калыпта сактоого жана ашыкча калорияларды кетирүүгө жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!