Иттер кандай оорулардан коргошот?

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:57

“Адистердин маалыматы аллергия, астма жана иммунологияны изилдөөчү америкалык уюмдун конгрессинде тааныштырылды”,- деп маалымдайт “РИА Новости” агенттиги.

АКШнын окумуштуулары үйдө иттин болушу балдардын экзема (тери оорусу) жана астманынын татаалдашкан түрүн төмөндөтөөрүн аныкташты.

Окумуштуулар кош бойлуу кезде күнүнө аз дегенде бир саат ит менен өткөргөн энелер балдарынын аллергиялык экзема менен оору деңгээлин изилдешкен. Натыйжасында балдарда бул аллергиялык оору сейрек пайда болгону аныкталган. Бирок бала чоңойгон сайын иттердин адамга берген оң таасири төмөндөгөн, ал эми он жашка чыкканда таптакыр жоголгон.

Ошондой эле, иттер астма менен ооруган балдарда оору белгилерин жеңилдеткен. Мында үй жаныбарлары тараткан бактериялар негизги роль ойнойт. Бирок, макаланын авторлорунун айтуусу боюнча, мунун иттен аллергиясы барларга эч кандай жардамы болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!