Бел оорусунан кутулуу мүмкүнбү?

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 13:21

Булчуң эттер менен байланышкан ткандардагы стресстен улам пайда болгон бул оору менен ар бир адам өмүрүндө бир жолу ооруп көрсө керек. Жөнөкөй эле кыймыл-аракетте бел зыркырап ооруп, кыйнаган учурлар кездешет.

Ошого байланыштуу ортопедия жана травматология бөлүмүнүн профессорлору бул оорудан заманбап технологиянын жардамы менен кутулууга болоорун билдиришет. Бирок эгер бул ыкмалар да жардам бербей калган учурда дары-дармек жана хирургиялык дарылоого аракет кылуу керектигин эскертишет.

6 жума ичинде жөнөкөй бел оорусун физикалык жактан жана баңгизат колдонуу менен күчөтүп алуу мүмкүн.

Өмүргө терс таасир берген оорунун себеби болуп көпчүлүк учурда моюн жана бел туштагы грыжа болушу мүмкүн. Ал күч алган сайын жүлүн нервдерин байланыштырып турган кол жана бутка оорчулук туудурат. Оору дисканын жарылып кеткен аймагына байланыштуу өзгөчөлөнөт. Моюн тараптагы дискалар ооруган учурда белдин сырткы тарабы, кол муундары талып ооруйт. Бел тараптагы дискалар грыжа болгон учурда буттар жана буттун булчуң эттери талып оорушу мүмкүн.

Микрохирургиялык ыкма

Азыркы заманбап технологиянын жардамы менен эмделүү дагы да жеңилдеди. Микрохирургиялык ыкманын жардамы менен дарылануунун натыйжасы алгылыктуу жыйынтыктарды берүүдө. Өтүшүп кеткен учурда микроскопикалык же болбосо инструменталдуу хирургиянын кийлигишүүсү менен дарылоого мүмкүн. Мында бейтаптын каалоосу менен тийиштүү жардам жана эмдөө көрсөтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!