Картошканын дарычылыгы

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 09:28

Чийки картошканын ширеси ашказандын жана он эки эли ичегинин жарасында, гастрите, организмдеги уулуу заттарда тазалоодо пайдаланылат. Ага сабиз менен сельдерейдин ширесин кошуп ичсе да пайдалуу. Мисалы, тамак сиңирүү процессии бузулганда, богок болгондо, нерв ооруларында. Ал эми жүрөктүн иштөөсү бузулганда, тамак ичердин алдында 100 миллилитрден бир күндө үч маал ичүү керек. Муну 3 жума ичкен соң бир жума эс алып, андан кийин дагы бир курс дарыланса жакшы натыйжа берет.

Теринин күйүп калган жана аллергия болгон жерине чийки картошканын кесимин күн сайын сүртүп турса, тез айыгууга өбөлгө түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!